ГИПЕРСТЕН
ГИПЕРСТЕ́Н (гипер… ж-а гр. sthtnos – күч, бекемдик) – пироксендер тобундагы минерал. Химиялык формуласы (Fe, Mg)2[Si2O6]. Ромб сингониясында кристаллданат. Өӊү кочкул жашылдан кара күрөӊгө чейинки түстөрдө. Айнектей жаркырайт. Катуулугу Моос

шкаласы боюнча 5–6, тыгыздыгы 3,3–3,5 г/см3. Гиперстен – магмалык негиздүү тоо тектерди түзүүчү минерал.