ГИРОКОМПАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИРОКО́МПАС (gyro-compass) – объектинин курсун, ошондой эле болжолдуу багыттын азимутун аныктап, меридиандын чыныгы (географиялык) багытын көрсөткүч (компас). Гидрокомпастын магниттик компаска караганда артыкчылыгы, географиялык (магниттик

уюлду эмес) түндүк уюлду көрсөтөт. Анын көрсөтүүсүнө магниттик компаска караганда металл масса (темир, болот) ж-а электрмагиниттик талаалар аз таасир эткендиктен, тактыгы бир кыйла жогору келет. Анын иштөө принциби гироскоптун касиетине ж-а Жердин суткалык айлануусуна негизделген. Бул идея франциялык окумуштуу Л. Фуко тарабынан 1852-жылы сунуш кылынган. Гидрокомпас биринчи жолу 1908-жылы Герман Аншутц-Кемпфе (Германия) ж-а Сперри (АКШ) тарабынан бир убакта ойлонулуп табылган. Ал кемелерде колдонулат ж-а бардык самолёттордун стандарттык жабдууларына кирет.