ГЛАЗГО
ГЛА́ЗГО – Улуу Британиянын түн.дүк-батышындагы шаар, Шотландияда. Клайд дарыясынын чатындагы порт. Стратклайд аймагынын административдик борбору. Калкы 621,0 миӊ (2017). Калкынын саны боюнча Улуу Британиядагы экинчи, Шотландиядагы эӊ ири шаар. Шаар айланасы м-н (Дамбартон, Гринок ж. б.) Клайдсайд конурбациясын түзөт. Жолдор тоому. Оор машина куруу (анын ичинен кеме, аскер кемеси, танкер, лайнер ж. б.), металлургия, тигүү, кагаз, тамак-аш-татымал, полиграфия, электр-техника, авиакыймылдаткычтар, текстиль (килем токуу) өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1451), метрополитен, сүрөт мектеби ж-а галереясы, музыкалык академия (1929) ж-а музей бар. 6-кылым ченде байыркы кельттердин тургун жайынын ордунда пайда болгон. Готика стилиндеги кафедралуу собор (12-кылым–16-кылымдын аягы) сакталган.