ВАЛЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́АЛЛИ – Улуу Британия ээлиги – Ангильянын адм. борбору. Ангилья а-нда жайгашкан. Калкы 1,4 миӊ (2006). Уоллблейк эл аралык аэропорту иштейт. Башкы финансы, соода, туристтик борбор. Теннис академиясы, калк китепканасы, тарых музейи, сүрөт галереясы бар. Жыл сайын августта карнавал өткөрүлөт.