ГЛИКОЗИДДЕР
ГЛИКОЗИДДЕР – углеводдордон алынган бирикмелер. Молекулаларынын гликозиддик бөлүгү агликон деп аталган органикалык бирикмелердин радикалдары м-н кычкылтек, күкүрт ж-а азот атомдору аркылуу байланышкан. Ошол байланыштарына жараша О-, S- ж-а N- Гликозиддерге бөлүнөт. Көпчүлүк О-Гликозиддер щелочтун эритмеси м-н гидролизденбейт. S-Гликозиддер кислоталардын таасирине туруктуу келип, катализатор (сымап тузу) катышканда гидролизденет; N-Гликозиддер кислотада ж-а щелочтун эритмелеринде оӊой гидролизденет. Гликозид калдыгы м-н агликондун ортосундагы химиялык байланыш гликозиддик байланыш деп аталат. Агликондун радикалы м-н байланышкан көмүртектин - же -конфигурациясына жараша - ж-а -Гликозиддер деп аталат. Кислоталардын ж-а ферменттердин таасири м-н Гликозиддер кантка ж-а агликонго ажырайт. Гликозиддердин ферменттер м-н гидролизи – кайталанма реакция. Гликозиддердин ажырашына таасир эткен ферменттер, ошол эле Гликозиддердин синтезделишине алып келет, башкача айтканда теӊ салмактуулук пайда болот. Жаратылышта өсүмдүктөр дүйнөсүндө кеӊири таралган -гликозид көп кездешет. Табигый Гликозиддердин түзүлүшү татаал. Алар – көбүнчө гүлдөргө, мөмө жемиштерге түс берип турган боёк заттар. Алар биологиялык активдүү зат болгондуктан, медицинада ж-а биологияда кеӊири колдонулат.