ГЛОРЬЁЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:10, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОРЬЁЗ – Инди океанындагы арал; Франциянын ээлиги (1892-жылдан). Мозамбик кысыгында жайгашкан аралдар тобуна кирет. Аянты 5 км2. Франция Республикасынын жогорку комиссариаты тарабынан башкарылат. Арал – Мадагаскар м-н Сейшель аралдарынын ортосундагы талаш аймак. Эки атолл ж-а үч аскалуу арал түштүк- батыштан түндүк-чыгышка созулган рифти түзөт. Кеме токтоого өтө ыӊгайсыз. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 12 м. Климаты тропиктик, деӊиздик ысык. Жыш токой ээлейт.