ГЛОССИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОССИ́Т (гр. glоssa – тил) – тилдин сезгениши. Ал жаракат алуудан, инфекциялык фактордун кошулушу м-н жергиликтүү сезгичтиктин төмөндөшүнөн, авитаминоздон, жетишсиз тамактануудан ж. б. жалпы организмдин сезгичтигинин өзгөрүшүнөн болот. Ал көбүнчө ички органдардын ооруларынын белгиси болуп эсептелет. Тилдин былжыр челинин өзгөрүшү айрым ооруларды диагноздоого мүмкүндүк берет. Мисалы, ичеги ооруларында тил кургак (бүктөлмөлүү), кан ооруларында жылмакай ж. б. болот. Кээде айрым дарыларды ичкенден кийинки кабылдоо катары учурайт. Бардык курактагы адамдар ооруйт. Дарылоодо аны пайда кылган себептерди жоготуу, ооздун ичин таза кармоо, витамин берүү керек.