ГО
ГО – 1) байыркы кытай жазма булактарында мамлекеттик бирикменин аталышы. Байыркы мезгилде ж-а орто кылымдарда чет элдик жерлер жөнүндө сөз болгондо колдонулган. Мисалы, б. з. ч. 201-жылы байыркы кыргыздар (гянгундар) мекендеген жер Го деп аталган. 2) Хань династиясынын мезгилинде (б. з. ч. 202–б. з. 220-жылдар) башка өлкөнүн башкаруу бийлик чөйрөсүн да Го деп аташкан. Кытайдын жогорку бийлик чөйрөсү коӊшу чет мамлекеттердин эгемендүү укуктарын тааныбай, көз карандылыкта кармаганга аракет кылышкан ж-а алар өз өлкөсүн даӊазалап, бүт дүйнөнүн бийлөөчүсү, эӊ ири башчысы деп эсептешкен. Бул терминди илимий анализ кылууда орус окумуштуусу А. Г. Малявкиндин ж-а Кытай профессору Ху Чжен Хуанын салымы зор.
К. Табалдиев.