ГОЗО ИЛДЕТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЗО ИЛДЕТТЕРИ – пахтанын түшүмүнө зыян келтирүүчү ак балек, гоммоз, тамыр кара жамасы ж. б. вирустуу илдеттер. Булардын эӊ коркунучтуусу – ак балек. Ал гозонун өсүп-өөрчүүсүн токтотуп, пахтанын түшүмүн эки же андан көп эсе төмөндөтөт. Тамыр кара жамасы м-н гоммоз илдеттери гозону 60–70%ке чейин зыянга учуратат. Гозо илдеттерине каршы күрөшүү үчүн илдетке туруктуу жаӊы сортторду чыгаруу, которуштуруп эгүү, чигитти эгүү алдында «ууландыруу», пахта талааларына химикат чачуу сыяктуу чаралар көрүлүп, илдеттүү гозопая орулуп ташталат.