ГОЛБО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛБО – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Исфана айыл округуна караштуу. Райондун борбору Исфана шаарынан 8 км түштүк-чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 53 км. Деӊиз деӊгээлинен 1350 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1969 (2022); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Соода жайлары иштейт. Орто мектеп бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт.