ГОЛЛЬ
ГОЛЛЬ Шарль де (22. 11. 1890, Лилль – 9. 11.1970, Коломбе-ле-Дёз-Эглиз) – франциялык мамлекеттик, аскердик ж-а саясий ишмер; Франциянын президен-

ти (1958–69). Мугалимдин үй-бүлөсүнөн. Сен-Сир аскер окуу жайынан, кийин Париждеги Жогорку аскер мектебинен окуган. Биринчи дүйнөлүк согушка (1914–18) катышкан. 1937-жылга чейин негизинен аскердик-окутуучулук ж-а штабдык кызматтарда эмгектенген. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Голль аскердик стратегия ж-а тактика маселелери боюнча иштейт. Немец баскынчылары Парижге басып киргенде, Голль Улуу Британияга кетип, ал жерден 1940-жылы 18-июнда радио аркылуу бүткүл Франция элине кайрылып, фашисттерге каршы күрөшкө чакырган. Ошол эле жылы «Эркин Франция» патриоттук кыймылын уюштурган. 1941-жылы Француз улуттук комитетин, 1943-жылдан Алжирде негизделген Француз улуттук-боштондук комитетин жетектеп, Франциянын Убактылуу өкмөтүн түзгөн. Франция оккупанттардан бошотулган соң, 1944–48-жылдары премьер-министр болуп шайланган. Согуштан кийин Голль Француз элинин биримдиги партиясын негиздеген. 1949-жылы Голль Франциянын президенти болуп шайланып, бирок 10 айдан кийин өзүнүн ой-максаттарын турмушка ашырууга президенттин ыйгарым укуктарынын чектелүү экендигин түшүнгөндөн кийин постту таштап кетет. Голль Франция саясий-экономикалык кризисти башынан кечирип жаткан учурда (Алжир согушу, бийлик кризиси), 1958-жылы 21-декабрда өз тарапкерлеринин талабы м-н кайрадан Франция Республикасынын президенттигине шайланат. Голлдун тушунда Франция күчтүү мамлекетке айланат. 1966-жылы Франция НАТО блогунан чыккан. Ички саясатта өлкөдө күчтүү президенттик башкаруу формасын киргизген. 1969-жылы 28-апрелде референдумда (Сенатты кайра куруу ж-а Франциянын административдик-аймактык түзүлүшүнүн реформасы жөнүндөгү маселе боюнча) өкмөттүн саясатына Франция элинин бир бөлүгү нааразылык билдирген. Бул референдумда жеӊилгенден кийин, Голль президенттик посттон кеткен.