ГОЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́ЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ, Г о л ь ж и а п п а р а т ы – клетканын ар түрдүү функция аткаруучу органоиди. 1898-жылы италиялык гистолог К. Гольжи нерв клеткаларын изилдөөдө ачкан. Гольжи комплекси бардык эукариот клеткаларда кездешет. Ал диктиосомадан (Гольжи денечелеринен), Гольжи ыйлаакчасынан ж-а Гольжи вакуолунан турат. Клеткадагы диктиосома ж-а ал бөлүп чыгарган Гольжи ыйлаакчасынын саны Гольжи комплексинин активдүүлүгүн көрсөтөт. Гольжи комплекси клеткадагы белок, полисахарид, былжыр, липид, липопротеид сыяктуу секреттерди бөлүп чыгарууга катышат. Бул заттар Гольжи ыйлаакчасына топтолуп, ал аркылуу клетканын тийиштүү бөлүктөрүнө ж-а вакуолуна жеткирилет. Гольжи комплекси мембраналык структуралуу болуп, бири бирине жарыш жайгашкан цистерналардан, түтүкчөлөрдөн ж-а ыйлаакчалардан турат. Өсүмдүк клеткасында цистерналар жакшы өөрчүгөн. Ошондой эле углеводдорду синтездөөгө, клетка кабыгын, вакуолду пайда кылууга катышат.