ГОЛЬМИЙ
ГО́ЛЬМИЙ (Holmium), Но – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номери 67, атомдук массасы 164,9303. Гольмийдин массалык саны 150Но – 170Но болгон 21 изотобу белгилүү. Алардын ичинен массалык саны 165Но болгон бир гана изотобу жаратылыштан табылган. Гольмий жер кыртышында 1,7.10–4% массалык санда кездешет. 1879-жылы швед химиги П. Клеве Гольмий оксиди (Но2О3) түрүндө тапкан. Ал – жумшак, күмүштөй ак металл; б. эрүү t 1461°С; кайноо t 2600°С; бирикмелеринде окистенүү даражасы +3. Абада окистенет, бөлмө температурасында суу, HCl, HNO3, Н2SO4 м-н реакцияга кирет, ысытканда Н2, N2, C, P м-н кошулат. Фториддерин же хлориддерин металлды ысытуу м-н калыбына келтирип алынат. Гольмий кошулмалары катализатор катары колдонулат. Fe, Co, Ni металлдарынын магниттик куймаларынын компоненти катары да керектелет.