ГОМОЛОГИЯ ОРГАНДАРЫ
ГОМОЛО́ГИЯ ОРГАНДАРЫ – келип чыгышы окшош, бирок формасы ж-а аткарган функциялары боюнча айырмаланган органдар. Мындай органдардын сырткы көрүнүшү бири-бирине окшобойт. Мисалы, бүчүр түрпүсү, бөрү карагаттын тикени – түрүн өзгөрткөн жалбырак, бирок жалбырактын функциясын аткарбайт, куш м-н жарганаттын канаттары – өзгөргөн алдыӊкы буттары. Ч. Дарвин 1859-жылы өзүнүн табигый тандалуу теориясында Гомология органдары организмдердин жалпы теги бирдейлигин көрсөтөрүн айткан, к. Аналогиялуу органдар.