ГОМОСЕКСУАЛДЫК
ГОМОСЕКСУАЛДЫК (гомо... ж-а лат. sexus – жыныс), б а ч а б а з д ы к – көбүнесе же жалаӊ гана өз жынысындагы кишиге эротикалык кумарлануу түрүндө байкалуучу сексуалдык багыт. Гомосексуалдык туруктуу ж-а убактылуу (өтүп кетүүчү) болот. Гомосексуалдыктын калыптанышына генетикалык фактор м-н катар, жеке өөрчүүдөгү өзгөчөлүктөр таасир этет.