БОДУРЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОДУРЛУК – иштетилген беттин рельефин түзүүчү жана айрым белгилүү бөлүктө карала турган микротегиз эместиктин жыйындысы. Ал каптал беттин (профилдин) четтөөсүнүн (орточо мааниден) орточо арифметикалык өлчөмү жана тегиз эместиктин бийиктиги менен мүнөздөлөт жана иштетилген беттин сапатын аныктайт. Бодурлук тетиктин жана машина түйүндөрүнүн иштөө касиеттерине – сүрүлүшкөн беттердин жешилүүгө, дат басууга туруктуулугу, чарчоого бышыктыгы ж. б. таасир этүүчү буюмдун техникалык мүнөздөмөсүнүн маанилүү көрсөткүчү. Негизги (базалык) узундук l каптал беттин орточо сызыгы т боюнча саналат, анын сан мааниси тегиз эместиктин өлчөмүнө көз каранды жана 0,01; 0,03; 0,08; 0,25; 0,8; 2,5; 8; 25 мм сан катарынан тандалып алынат. Аны сан жагынан каптал беттин орточо арифметикалык четтөөсү Ra, 10 чекит боюнча каптал беттин тегиз эместигинин бийиктиги Rz, каптал беттин тегиз эместигинин эӊ чоӊ бийик. Rmaх, тегиз эместиктин орточо кадамын Sm, чоку боюнча тегиз эместиктин орточо кадамын S, каптал беттин салыштырмалуу таяныч узундугу tp м-н бааланат. Тегиз эместикти мүнөздөөчү сан маанилери стандарт менен белгиленген. Анын мүнөздөгүчтөрүн тандоо тетиктин конструкциясына, алардын бетинин кызматтык арналышына жараша болот. Бодурлукту ченөө үчүн каптал бет өлчөө (профилометр) жана каптал бет чийүү (профилограф) колдонулат.