ГОРИЗОНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРИЗО́НТ (гр. horison – чектөөчү) – жер бетинин байкоочуга ачык жерден көрүнгөн бөлүгү. Горизонт көрүнгөн ж-а чыныгы деп бөлүнөт. К ө р ү н г ө н Горизонт– асмандын горизонт м-н чектелген сызыгы. Ч ы н ы г ы же математикалык Горизонт – асман сферасындагы тегиздиги асма сызыкка перпендикуляр болгон чоӊ тегерек. Көрүнгөн Горизонт дайыма чыныгы Горизонттон төмөн жайгашат да, Горизонттун төмөндөшү делет. Көрүнгөн Горизонттун төмөндөшү канчалык чоӊ болсо, байкоочу жер деӊгээлинен ошончолук жогору турат. Бул төмөндөө Горизонттун алыстыгына алып келет. Көрүнгөн Горизонттун алыстыгы байкоочу турган жердин бийиктигине ж-а астрономиялык рефракциянын таасирине ж-а байкоочу турган асман телосунун радиусуна да көз каранды. Планета канчалык кичине болсо, көрүнгөн Горизонт байкоочуга ошончолук жакын көрүнөт.