ГОРИЗОНТАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРИЗОНТАЛДАР , и з о г и п с т е р (гр. isos – теӊ ж-а hepsos – бийиктик) – географиялык карталарда Жердин (Айдын ж. б. планеталардын) рельефинин абсолюттук бийиктиги бирдей чекиттерин туташтырган сызыктар. Ал рельефтин белгиленген деӊгээл ж-а көрсөтүлгөн интервал боюнча өткөрүлгөн ой-чуӊкурлуу проекцияларын чагылдырат. Горизонталдар жер бетинде көбүнчө деӊиз (Дүйнөлүк океан) деӊгээлине салыштырмалуу өткөрүлүп, негизинен топографиялык, жалпы географиялык, физикалык ж-а гипсометриялык карталарда рельефтин сүрөттөлүшүн чагылдырган негизги ыкма. Аларды колдонуу карталарда чекиттердин абсолюттук ж-а салыштырмалуу бийиктиктерин, жарлардын тиктигин, рельефтин тилмеленүүсүн ж. б. морфометриялык көрсөткүчтөрүн аныктоого өбөлгө түзөт.