ГОРН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРН (голландча horn – мүйүз) – Горн аралындагы тумшук, Оттуу Жер архипелагында, Түштүк Америка материгинин эӊ түштүк чети (55°59' түштүк кеӊдик ж-а 67°16' батыш узундугу). 1616-жылы голландиялык Я. Лемер ж-а В. Схаутен ачып, Схаутендин мекени – Горн (Хорн) шаарынын атынан аташкан.