ГОРНО-АЛТАЙСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́РНО-АЛТА́ЙСК (1932-жылга чейин Улала, 1948-жылга чейин Ойрот-Тура) – Алтай Республикасынын борбору. 1928-жылдан шаар. Алтай тоолорунун этегинде, Майма суусунун боюнда жайгашкан. Бийск пристанынан ж-а темир жол бекетинен 96 км. Калкы 64,5 миӊ (2021). Гардина-тюль, токуу, тигүү, бут кийим, эмерек фабрикалары, темир-бетон буюмдар заводу иштейт. Пед. институт, коллеждер, илим-изилдөө институттар бар. 19-кылымдын башында пайда болгон.