ГОРОДКИ
ГОРОДКИ́ – орус элинин улуттук спорт оюну. Бул оюнду эки жаат болуп же эки оюнчу ойнойт. Городкиде оюнчу же команда кезек м-н битаны (ургуч таяк) ыргытып, цилиндр түрүндөгү жумуру таякчалардан турган фигураларды аянттан уруп чыгарат. Аз уруу м-н фигураларды аянттан чыгарган команда утушка ээ болот. Городки боюнча 1923-жылы бирдиктүү эреже иштелип, төмөнкүдөй негизги өлчөмдөр аныкталган: аянтча (шар) –2 м х 2 м, ыргытылуучу орунга карата аралыгы – алыскы (ат) 13 м; жакынкы (жарым ат) 6,5 м; шарчанын узундугу 20 см, диаметри 4,5–5 см; битанын узундугу 1 мден ашпайт. Бир партия 15 ар кандай фигуралардан турат. Кыргызстанда Городки боюнча көптөгөн секциялар иштеген ж-а спорт чеберлери чыккан.