ГОСПИТАЛЬ
ГО́СПИТАЛЬ (лат. hospitalis – мейман кабыл алуучу) – ооруканада жаткырып дарылоочу мекеме. Госпиталь көбүнчө аскердик дарылоочу мекеме болуп эсептелген, бирок кээ бир граждандык дарылоо мекемелери да Госпиталь деп аталат. Аскердик Госпиталь тынчтык мезгилинде иштөөчү туруктуу ж-а согуш убагында уюшулган убактылуу болуп айырмаланат. Госпиталь согуш мезгилинде көчмө талаа ж-а эвакуациялык болуп бөлүнөт, к. Улуттук госпиталь.