ГРАБЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРА́БЕН (нем. Graben – коо, чуӊкур, аӊгек) – жер кыртышынын тектоникалык тик жаракалар (тектоникалык жылышуулар) м-н чектелген ж-а алар боюнча төмөн чөккөн ойдуӊ бөлүгү (к. схеманы). Жак-

тары бирден гана тектоникалык жаракалар м-н чектелсе – жөнөкөй Грабен, бир нече болсо татаал же тектирлүү Грабен деп аталат. Грабендин төмөн түшүп кеткен тереӊдиги 1 мден миӊдеген мге, туурасы ондогон, узундугу жүздөгөн кмге жетет. Жер шарындагы эӊ ири Грабендерге Африкадагы Чыгыш Африка жаракалар зонасы, Батыш Европадагы Рейн ойдуӊу кирет. Байкал көлү жаткан жер да ири Грабен, анын узундугу 636 км, туурасы 80 кмге жакын, төмөн түшкөн тереӊдиги 1 кмден ашык.