ГРАВИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРА́ВИЙ (фр. gravier – кум), ш а г ы л – тоо тектердин ж-а чанда ар түрдүү минералдардын аздыр-көптүр жумурланган сыныктарынан туруучу борпоӊ чөкмө тоо тек. Майда (1–2,5 мм), орточо (2,5–5 мм), кесек (5–10 мм), ал эми пайда болушуна карай дарыя, деӊиз ж-а мөӊгү Гравийлери деп бөлүнөт. Гравий – баалуу курулуш материалы. Курулушта ж-а шоссе жолдорун курууда пайдаланылат. Камдашып катууланган Гравий – гравелит деп аталат.