ГРАВИМЕТРИЯ
ГРАВИМЕ́ТРИЯ (лат. gravis – оор ж-а …метрия) – Жердин гравитациялык талаасын мүнөздөй турган чоӊдуктарды ченөөдө ж-а Жердин турпатын (фигурасын) аныктоодо, анын ички ж-а сырткы геологиялык түзүлүшүн изилдөөдө колдонулуучу илим тармагы. Гравиметрияда Жердин гравитация талаасы анын оордук күч талаасы м-н аныкталат. Оордук күчү Жердин суткалык айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчү ж-а анын тартылуу күчтөрүнүн теӊ аракеттенүүсү болуп саналат. Борбордон четтөөчү күч Жердин оордук күчүн азайтат ж-а ал экватордо эӊ чоӊ, ал эми уюлдарда эӊ аз мааниге ээ. Ошонун натыйжасында ж-а Жердин кысылышына байланыштуу оордук күчү уюлдардан экваторго карай азайып, экватордо уюлдагылардан 0,5% чамасында кем болот. Жер бетинин оордук күчү Жердин турпатына, өлчөмүнө ж-а анын ичиндеги тыгыздыктын бөлүнүшүнө байланыштуу. Ошондуктан Жердин гравитациялык талаасын изилдөө анын түзүлүшүн аныктап, кен байлыктарын издеп-чалгындоодо баалуу маалыматтарды берет. Оордук күчүнүн ылдамдануусу маятниктүү приборлордун ж-а гравиметрдин жардамы м-н Жер шарынын эки пунктундагы оордук күчтүн айырмасы ченелгенден кийин салыштыруу ыкмасы аркылуу аныкталат. Жер шарындагы Гравиметриялык пункттардын бардыгы Потсдамдагы (Германия) пункт м-н байланышкан. Мында оордук күчүнүн абсолюттук мааниси (981274 мгл) айлануучу маятниктин жардамы м-н 20-кылымдын башында аныкталган. Кайталап нивелирлөө м-н бирге оордук күч ылдамдануусунун өзгөрүүсүн аныктоо жер кыртышындагы геологиялык процесстерди изилдөөгө жардам берет. Гравиметрия геодезия, геофизика, геология ж-а астрономия илимдери м-н тыгыз байланышта. Гравиметрияны өнүктүрүүдө А. Клеро (Франция), Ж. Стокс (Англия), М. С. Молоденский (СССР) ж. б. чоӊ салым кошкон.
Ад.: Шокин П. Ф. Гравиметрия. М., 1960; Веселов К. Е., Сагитов М. У. Гравиметрическая разведка. М., 1968; Грушинский Н. П., Сажина Н. Б. Гравитационная разведка. 3 изд., М., 1981.