ГРАВИТАЦИЯЛЫК КОЛЛАПС
ГРАВИТАЦИЯЛЫК КОЛЛА́ПС – гравитациялык күчтүн таасиринен асман телолорунун катастрофалык өтө тез кысылуусу. Массасы Күн массасынан 2 эсе чоӊ жылдыздардын эволюциясы Гравитациялык коллапс м-н бүтүшү мүмкүн. Мындай жылдыздардын ядро энергиясы түгөнгөндө өздөрүнүн механикалык туруктуулугун жоготуп, улам тездөөчү ылдамдык м-н борборго карай кысылат. Эгерде жылдыздын улам көбөйүүчү ички басымы Гравитациялык коллапсты токтотсо, анда жылдыздын борбордук бөлүгү нейтрон жылдыздарына айланууда өз кабыкчасын бөлөт; бул учурда өтө жаӊы жылдыздай жарк этиши байкалат. Эгер жылдыздын радиусу гравитация радиусунун маанисине чейин азайса, анда анын андан ары кысылышына ж-а кара көӊдөйгө айланышына эч кандай күч тоскоолдук кыла албайт.