ГРАДАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАДА́ЦИЯ (лат. gradatio – акырындап көтөрүлүү, gradus – баскыч, даража) – бирдей сөздөрдүн же сөз айкаштарынын (образ, салыштыруу, метафора ж. б.) маани ж-а эмоциялык жактан улам жогорулап чыӊалышын же басаӊдап жанышын туюнтуучу стилистикалык фигура; белгилүү бир окуянын сүрөттөлүшүн ыргак м-н уламдан-улам күчөтүүчү стилдик ыкма. Градация поэзияда көбүнчө ойдун куплеттен куплетке карай өнүгүп отурушу үчүн колдонулат. Прозалык чыгармаларда да белгилүү бир ойдун улам такталып, улам күчөтүлүп отурулушу м-н да Градация түзүлөт.