ГРАДИЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:26, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАДИЕ́НТ (лат. gradiens дегенден, gradientis – кадамдоочу) – 1) м а т е м а т и к а д а, кандайдыр бир функциянын өзгөрүп турган багытын көрсөтүүчү вектор; 2) ф и з и к а д а, берилген 􀁍(􀁕) скалярдык талаанын (􀁕􀀃– мейкиндиктеги чекит) тез өсүүчү багытын көрсөтүүчү g вектору; g=grad 􀁍(􀁕) м-н белгиленет. Мисалы, температура Градиенти, басым Градиенти, потенциал Градиенти. ж. б. Градиент метеорология, океанология ж. б. илимдерде кеӊири колдонулат. «Градиент» терминин англиялык физик Ж. Максвелл киргизген (1873). Ал Градиентти grad белгиси м-н белгилөөнү да сунуштаган.