ГРАДУСТУК ТОРЧО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАДУСТУК ТОРЧО Ж е р д и н – географиялык карталардагы ж-а глобустардагы меридиандар (узундук) м-н параллелдердин (кеӊдик) системасы. Ал жер бетиндеги чекиттердин географиялык координаталарын аныктоо үчүн колдонулат. Ошондой эле объектилерди географиялык координата боюнча картага түшүрүү үчүн да пайдаланылат. Географиялык торчдодо меридиандын бардык чекиттери бирдей узундукка, ал эми параллелдики бирдей кеӊдикке ээ болот.