ГРАММ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАММ (фр. grоmme, лат. ж-а гр. gramma – салмактын эӊ кичине өлчөмү) – масса бирдиги. СГС бирдиктер системасындагы массанын негизги чен бирдиги, СИде массанын үлүштүк бирдиги (0,001 кг). Грамм килограмм эталону аркылуу анын миӊден бир бөлүгү катары аныкталат. 1 г бул 0,2%ке жакын тактык м-н алынган 1 см3 химиялык таза суунун эӊ чоӊ тыгыздыктагы (температурасы 4°Сге жакын) массасына барабар.