ГРАФФ-
ГРАФФ Антон (18. 11. 1736, Винтертур – 22. 6. 1813, Дрезден) – немец сүрөтчүсү, швейцариялык көз караштагы живописчи. Германияда иштеген. 1766-жылы Дрезденде Сүрөт академиясында сабак берген. Ошол мезгилдеги белгилүү жазуучулардын, философтордун жана окумуштуулардын графикалык портреттерин тарткан. Сүрөттөрү композицияларынын тактыгы, жөнөкөйлүгү жана моделинин көрүнүшүнүн табигыйлыгы менен айырмаланган.
