ГРЕЙДЕР
ГРЕ́ЙДЕР (анг. grader – тегиздөө, түздөө) – жердин бетин тегиздөөдө ж-а дөӊсөө жерлерди түздөөдө, жол катмарын бийиктөөдө, жол курууда ж-а оӊдоодо колдонулуучу дөӊгөлөктүү машина. Грейдердин негизги жумушчу органы кесүүчү

бычактары бар ийри сызыктуу профилдеги каӊтаргыч эсептелет. Грейдер өзү жүрүүчү ж-а чиркелме болуп бөлүнөт. Алдынкы эки дөӊгөлөгү Грейдерди багыттайт ж-а арткы төрт дөӊгөлөк м-н балка аркылуу байланышкан. Асылма болот бычак көтөрүлүп, ылдый түшүп турат ж-а керектүү бурчка кыйгач орнотулат. Грейдер алдыга жылганда каӊтаргыч жердин бетин кырат же керектүү профилге жетмейинче чуӊкур жерди топурак төгүп толуктайт.