ГРЕЙФЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕ́ЙФЕР (нем. Greifer, greifen – кармоо) – 1) бурулуучу жаакчалары бар жүк кармоочу түзүлүш. Көтөрүүчү кран, тельфер сыяктуу жүк көтөрүүчү машиналарга, ошондой эле экскаваторго орнотулат, бир ж-а эки жаакчалуу болот. Жүк көтөрүү убагында жаакчалар биригип, жүктү кармайт ж-а аны жылдырып, керектүү орунга жеткирет. Айрым жер чапчуучу снаряддарда Грейфер көлмөнүн же дарыянын түбүн тазалоо үчүн колдонулат. Сыйымдуулугу 0,35–10 м3, жүк көтөрүмдүүлүгү 20 т га чейин. Магнитүү Грейфер темир ж-а болот жүктөрдү көтөрүүчү кубаттуу электрмагниттен турат. 2) Иштетилүүчү буюмду кармап туруучу түзүлүш – кармагыч.