ГРЕК АРХИПЕЛАГЫ
ГРЕК АРХИПЕЛАГЫ – Эгей деӊизиндеги бир нече аралдар тобу (Түндүк ж-а Түштүк Спораддар, Кикладдар, Крит, Эвбея, Хиос, Лесбос ж. б.). Грекияга карайт. Жалпы аянты 20 миӊ км2. Тоолуу, бийиктиги 2456 мге чейин (Крит аралында). Жер титирөө көп болот, аракеттеги жанар тоолор бар. Жер Ортолук деӊиздик өсүмдүктөр өсөт. Субтропик өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Балык кармалат.