ГРЕНЛАНД ДЕӉИЗИ
ГРЕНЛА́НД ДЕӉИЗИ – Түндүк Муз океандагы четки деӊиз. Гренландия, Исландия, Ян-Майен, Аюулуу ж-а Шпицберген аралдарынын аралыгында. Аянты 1195 миӊ км2. Эӊ тереӊ жери 5527 м. Суунун температурасы жайында 0°Сден (түндүк-батышында) 6°Сге (түштүгүндө) чейин, кышында 1–2°Сден –1°Сге чейин. Туздуулугу 32,0–34,0%. Суткасына эки жолу ташкындайт (4,4 мге чейин). Гренландия түлөнү, балык (треска, кампус, мойва) кармалат. Башкы порттору: Лонгьир ж-а Баренцбург (Шпицберген аралы), Акюрейри (Исландия аралы).