ГРИГОРЬЕВ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГРИГОРЬЕВ МӨӉГҮСҮ – to ГРИГОРЬЕВ МӨӉГҮСҮ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИГО́РЬЕВ МӨӉГҮСҮ – Ички Теӊир-Тоодогу жалпак чоку тибиндеги мөӊгү. Узундугу 6 км, аянты 8,3 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталында, Ара-Бел суусунун алабында жайгашкан. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4606 м, этеги 4202 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4400 м. Мөӊгүнүн формасы үч бурчтук сымал, эӊкейиштеген сайын жайылып, этегинин эни 4 кмге чейин жетет. Калыӊдыгы 100–150 м. Сырткы көрүнүшү түндүктөгү аралдардагы калкан сымал мөӊгүлөргө окшош. Мөӊгү академик А. А. Григорьевдин ысмынан аталган.