ГРОЗДЬ
ГРОЗДЬ – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Гроздь айыл округуна караштуу. Аламүдүн суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 619 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынанан 25 км түндүк-батыш тарапта, Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1933-жылы негизделген. Калкы 4140 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки мектеп, клуб, китепкана, ФАП, ашкана бар.