ГРУЗИН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРУ́ЗИН ТИЛИ грузиндердин тили. Грузин тили иберн-кавказ тилдеринин картвел тобуна кирет. Ал Кавказ тилдеринин ичинен эӊ байыркы жазмасы бар тил. Картли, кахети, пшав, хевсур, түштүк жана башка диалектилерге бөлүнөт. Адабий тили картли менен кахети диалектилеринин негизинде өнүккөн. Тарыхый жагынан грузин адабий тили байыркы грузин (XII кылымга чейин), жаӊы грузин (XII кылымдан баштап) тили болуп бөлүнөт. Биздин замандын V кылымынан берки жазма эстеликтери сакталган. Үнсүз тыбыштары көп, үндүүлөрү аз. Префикстер менен суффикстер катар колдонулат. Грамматикалык жактары (род) жок. Баяндоочу көбүнчө сүйлөмдүн аягына келет.