ГУДЗОН БУЛУӉУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУДЗО́Н БУЛУӉУ Түндүк Муз океанда, Канаданын жээгинде. Чыгышында Гудзон кысыгы аркылуу Атлантика океаны м-н туташат. Аянты 848 миӊ км2. Тереӊдиги 258 мге чейин. Түндүгүндө Жеймс булуӊун пайда кылат. Октябрдан июлдун аягына чейин муз тоӊот. Суткасына эки жолу ташкындайт (7,9 мге чейин). Треска, сельдь, камбала кармалат. Түлөн промысели бар. Башкы порттору: Черчилл, Порт Нельсон. Булуң англиялык деӊиз саякатчысы Г. Гудзондун урматына аталган.