ГУДИМЕНКО
ГУДИМЕ́НКО Николай Иванович (24.2.1924, Фрунзе – 6.6.1969, ошол эле жер) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1942-жылы аскер кызматына чакырылып, 1943-жылы сентябрдан согушка

кирген. Воронеж, Степной, 1–2-Украин фронтторунда согушкан. Румыния, Польша, Чыгыш Померания ж-а Силезияны бошотушкан. Берлин салгылашына катышып, согушту Чехословакияда аяктаган. Румыниянын Яссы, Хуши шаарларынын алдында көрсөткөн эрдиги үчүн 3- ж-а 2-даражадагы Даӊк ордени (1944), Сандомир плацдармындагы салгылашууда 100дөн ашык гитлерчилерди жок кылгандыгы үчүн 1-даражадагы Даӊк ордени (1945) м-н сыйланган.