ГУМБОЛЬДТ Вильгельм
ГУ́МБОЛЬДТ Вильгельм (22. 6. 1767, Гютсдам – 8. 4. 1835, Берлинге жакын) – немец тилчиси, философ, мамлекеттик ишмер, немецтик классикалык гуманизминин көрүнүктүү өкүлү. Одердеги Франкфурт ж-а Гёттинген шаарларындагы университеттерден (1787–89) укук боюнча билим алган. Пруссия ИАны кайра куруп, Берлин университетине негиз салган. Бул университет кийин Гумбольдттун ысмынан аталган. Гумбольдт тил илими, адабият теориясы, философиялык маселелер боюнча орчундуу эмгектерди жазган. Тил ж-а аны изилдөө аспекттери боюнча Гумбольдт философиялык-лингвистикалык программаны иштеп чыккан. Анын негизинде тил илимине «гумбольдтчулук» деген түшүнүк кирген. «Ява аралындагы кави тили жөнүндө» (1836–39) деген эмгегинде тилдин адам турмушундагы маанисин көрсөткөн. Андагы айтылган Гумбольдттун идеялары кийин тил илиминин (19-кылымдагы психологиялык мектеп, 20-кылымдагы америкалык этнолингвистика ж. б.) өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлеген, ошондой эле бүткүл Батыш Европа философиясындагы агымдардын бири – философиялык антропологияга негиз болуп калган.