ГУМИЛЁВ Лев Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГУМИЛЁВ 1 to ГУМИЛЁВ Лев Николаевич) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУМИЛЁВ Лев Николаевич (1.10.1912, Россия, Царское Село айылы – 18.6.1992, Санкт-Петербург) – орус илимпозу, тарых илимдеринин доктору (1962), география илимдеринин доктору (1974), Россия Жаратылыш таануу ИАнын академиги (1992). Акындар А. Ахматова м-н Н. С. Гумилёвдун уулу. Ленинград университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1946). 20-кылымдын 30-жылдарында Борбордук ж-а Орто Азияда жүргүзүлгөн бир нече археологиялык ж-а этнографиялык экспедицияларга катышкан. 1935-жылдан саясий куугунтукка дуушар болуп, 1938-жылы өлүм жазасына өкүм кылынат, бирок ал сүргүн м-н алмаштырылган. Улуу Ата Мекендик согушка жөнөтүлүп, Берлинге чейин барган. 1949–56-жылдарда кайрадан абакка камалган. Ал Эрмитажда илимий кызматкер, Санкт-Петербург университетинин география факультетинде окутуучу болуп иштеген. Гумилёв этнография, тарых, география, археология, психология илимдеринин жетишкендиктерине таянып, б. з. ч. 3 – б. з. 15-кылымдарында Борбордук ж-а Орто Азияны мекендеген көчмөн элдердин – этностордун келип чыгышын, өнүгүшүн, аларда мамлекеттүүлүк салттын калыптаныш процессин изилдеген. Гумилёв дүйнөлүк көчмөн таануу илимине көчмөндөр дайыма эле кыйраткыч, жырткыч мүнөздөгү жортуулдары менен белгилүү болбостон, өзгөчө шартта жаралган, бөтөнчө цивилизацияны түзгөндүгү м-н да белгилүү деген идеяны киргизип, бүт өмүрүн ушул цивилизацияны ар тараптан изилдөөгө арнаган. Ал советтик этнограф-окумуштуулардан айырмаланып, элдердин келип чыгышын, өнүгүшүн – этногенез процесстерин социалдык эмес, биосоциалдык көрүнүш деп далилдеп, бул процесстерде биоэнергетика (пассионардуулук) басымдуулук кылат деп эсептеген. Бул идеясы анын «Этногенез жана жердин биосферасы», «Этносфера: элдердин тарыхы жана жаратылыштын тарыхы» эмгектеринде кеӊири изилдөөгө алынган. Гумилёвдун этногенез теориясына ылайык этностун өнүгүшү космостон келип турган энергиянын агымдарына жараша болот. Космосто өтө сейрек ж-а кыска убакытта пайда болчу нурлар (Евразия чөлкөмүнүн тарыхында андай нурлануулар 9 гана жолу болгонун да далилдеген) этностун гендик мутациясына таасир берет. Муну «пассионардык түрткү» деп атаган. Ушундай түрткү, пассионарлардын саны канчалык көп болсо, этностун кандайдыр бир тобун ошончолук активдештирет да, ал топ жаӊы этнос түзүп, жаӊы мамлекет, дин, илим-билим ж. б. жаратат. Гумилёв көчмөн элдердин тарыхын изилдөөдө, алардын тарыхында орун алган айрым бир бурулуш окуяларды түшүнүүдө климаттын, ландшафттын өзгөрүштөрүнө басым жасаган. Айрым бир илимий жоболорун далилдөөдө кыргыздардын тарыхынан да мисал келтирген. «Байыркы түрктөр» деген эмгегинде байыркы түрктөрдүн державасынын өнүгүшү ж-а кыйрашы изилденген, ошондой эле эки доордун – байыркы ж-а орто кылымдын чектеринде Орто Азия көчмөндөрүнүн географиялык жайгашуусуна чоӊ көӊүл бөлүнгөн. Чынгыз хандын империясы орустар үчүн улуттук трагедия алып келбегендигин далилдеген. Анын пикири боюнча Батыйдын баскынчылыгынан Руста кыйраган шаарлар м-н кырылган адамдардын саны орус княздарынын ички, өз ара кан төгүшкөн кармаштарынан набыт болгондордон ашык болгон эмес. Өз учурунда Гумилёвдун илимий ой-пикирлери, концепциялары советтик окумуштуулар тарабынан негизсиз сынга алынган. Гумилёв СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1989). Казакстандын борбору Астана шаарындагы Евразия улуттук университетине аты ыйгарылган.

Эмг.: Хунну. М., 1960; Древние тюрки. М., 1967; Поиски вымышленного царства. М., 1970.

А. Көчкүнов, Ч. Жумагулов.