ГУМИН ЖЕР СЕМИРТКИЧИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУМИ́Н ЖЕР СЕМИРТКИЧИ (лат. humus – топурак, кыртыш) – негизинен гумин кислоталары м-н минерал бирикмелерден турган жер семирткич. Гумин кислоталарына же гумин кислоталуу заттарга (чым көӊ, күрөӊ көмүр, чиринди) аммиак, фосфаттардын аммиак эритиндиси, фосфор кислотасы ж-а калий туздарын таасир этүүдөн алынат. Алгачкы сырьёго жараша курамы ж-а аталышы ар түрдүү: гумофос, натрий м-н аммоний гуматы, нитрогуматтар (чым көӊгө же күрөӊ көмүргө азот кислотасы же аммиак м-н таасир этүүдөн алынат), чым көӊ-аммиак жер семирткичи ж. б.