ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ – б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбор Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Б. з. ч. 3-кылымдын акырында Гунн уруулары Азыркы Борбордук Монголия м-н Байкалдын боюн мекендешкен. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Гунн уруулары дунхуларды (байыркы монголдордун ата-теги), юэчжилерди талкалап, кыргыздарды ж-а усундарды жеңип алган. Кийин Кытайга жортуул жасап, император Лю Банды салык төлөөгө мажбурлаган. Б. з. ч. 1-кылымда Гунн урууларынын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды ж-а алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Б. з. ч. 1-кылымдын ортосунда Гунн уруулары Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген. Б. з. 48-жылы Гунн урууларынын жети уругу Кытай императоруна баш ийип, түштүк гунндар деп аталып калган. Түндүк гунндар б. з. 1-кылымынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Монголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Экинчи бөлүгү Борбор Азия тарапка жылган. Батышка жылган түндүк Гунн урууларынын айрым топтору Европага чейин журт которуп, өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Борбор Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк Гунн урууларынын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түштүк Гунн уруулары Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-кылымга чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.