ГУРАМИШВИЛИ
ГУРАМИШВИ́ЛИ Давид [(1705, Мцхет шаарына жакын, Сагурамо айылы, Грузия – 21. 7(1. 8). 1792, Миргород шаары, Украина] – грузин акыны. «Давитиани» (1787) аттуу белгилүү автобиографиялык ырлар жыйнагынын автору. Д. Гурамишвилинин чыгармачылыгы орус маданиятынын таасиринде калыптанган. Анын «Грузия кайгысы» лирика-эпикалык поэмасында XVIII кылымдын 1-жарымындагы грузин элинин тарыхындагы трагедия чагылдырылган. «Бадачы Кацвия» буколикалык поэмасы юмордук сезимдин күчтүүлүгү, баяндоонун жандуулугу менен айырмаланат. Давид Гурамишвили грузин поэзиясынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Ал «Адамдын жалган дүйнө менен талашы» аттуу поэтикалык трактат жазган. Акындын Миргороддогу (Украина) мүрзөсүнө (1949), ошондой эле Тбилиси шаарынын Чавчовадзе көчөсүнө эстелик орнотулган (1965).
