ГУРЬЕВА
ГУ́РЬЕВА Клавдия Александровна (29. 12. 1908, Пермь – 30. 3. 1972, Фрунзе) – Кыргыз ССР эл артисти (1958). Чыгармачылык иши Пермдеги (Россия) балдар театрында башталган. 1946–1972-жылдары Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы мамлекеттик орус драма театрынын артисти. Негизги ролдору: Катерина (А. Островский, «Добул»), Бурма (К. Жантөшев, «Эл ырчысы»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Анна Андреевна (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Ажар (К. Эшмамбетов, «Саринжи»), Филумена Мартурано (Э. Де Филиппо, «Филумена Мартурано»), Васса Железнова (М. Горький, «Васса Железнова»), Любовь Яровая (К. Тренёв, «Любовь Яровая»), Эне (К. Чапек, «Эне»), Мария Александровна (М. Попов, «Үй-бүлө») жана башкалар. Ал түзгөн образдар республиканын театр искусствосундагы психологиялык реализмдин үлгүлөрүнө кирет. К. А. Гурьева театрдагы жаш артисттердин чыгармачылык чеберчилигин арттырууда көп күч жумшаган. Театр студиясынын ишин жетектеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6–7-чакырылыш) депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Ад.: Кочнев Д. Д. Клавдия Александровна Гурьева. Ф., 1958.