ГЮГО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЮГО́ Виктор Мари (26. 2. 1802, Франция, Безансон – 22. 5. 1885, Париж, Франция) – француз жазуучусу, акын, драматург, публицист, саясий жана коомдук ишмер жана француз демократия романтизмин негиздөөчүлөрдүн бири. Сена департаментиндеги Франциянын сенатору (1876–1885), Француз академиясынын мүчөсү (1841). Алгачкы «Одалар жана ар түрдүү ырлар» (1822) жыйнагында Бурбондор династиясын жактаган. «Испаниялык Ган» аттуу биринчи романы 1823-жылы жарык көргөн. «Чыгыш обондору» ыр жыйнагын (1928), ошондой эле «Марион Делорм», «Эрнани» (1829), «Рюи Блаз» (1838) аттуу пьесаларын жазган. «Кромвель» драмасынын (1827) баш сөзү француз романтиктеринин демократиялык тобунун манифести болуп калган. «Париждеги теӊир эне собору» тарыхый романы (1831) чиркөө менен монархияга каршы жазылган. Ал «Күзгү жалбырактар» (1831), «Күүгүмдөгү ырлар» (1835), «Ички кайрыктар»(1837), «Шоолалар жана көлөкөлөр» (1840) ыр жыйнактарын жарыялаган. Луи Наполеон Бонапарттын мамлекеттик төӊкөрүшүнөн кийин 1851-жылы эмиграцияга кетип,

В. М. Гюго. Л. Бонн тарткан портрет. 1880.

«Кичинекей Наполеон» памфлетин (1852), «Жаза» сатиралык ыр жыйнагын (1853) жазган. В. Гюго – «Чыгыш мотивдери» (1829), «Кылымдар легендасы» (1–3-том, 1859–1883) ыр жыйнактарынын, «Куугунтук жегендер» (1862), «Деӊиз мээнеткечтери» (1866), «Күлүп турган адам» (1869), Улуу француз революциясы жөнүндөгү «Токсон үчүнчү жыл» (1874) аттуу белгилүү романдардын автору. XIX кылымда орустун алдыӊкы жазуучулары, анын ичинде А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, М. Е. Салтыков-Щедрин Виктор Гюгонун чыгармачылыгынын коомдук мазмунун жогору баалашкан. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Чыг.: Куугунтук жегендер. Ф., 1960; Избр. произв. Т. 1–2. М.; Л., 1952.

Ад.: Евнина Е. М. Виктор Гюго. М., 1976.

В. Гюгонун чыгармаларын экрандаштыруу: «Күлүп турган адам».
Виктор Гюгонун Париждеги үй-музейи.
В. Гюгонун чыгармалары.