ГЯНЖА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЯНЖА (1814–1918-жылдары Елизаветполь, 1935–89-жылдары Киров-Абад) – Азербайжан Республикасындагы шаар. Гянжачай дарыясынын боюнда. Калкы 330,7 миӊ (2016). Жеӊил (пахта тазалоочу завод, текстиль, килем-нооту комбинаты ж. б.), тамак-аш–татымал өнөр жай ишканалары, алюминий, прибор куруу, фарфор ж. б. заводдору иштейт. Үч ЖОЖ (анын ичинде Азербайжан айыл чарба академиясы), 2 театр, музейлер (край таануу, археологиялык, этнографиялык) бар. 5-кылымдан белгилүү. 7-кылымдан арабдардын бийлиги астында болгон. 9–10-кылымдарда Шедаддиддер мамлекетинин очогу. 12–13-кылымдарда өлкөнүн ири соода-кол өнөрчүлүк ж-а маданий борбору. 16–18-кылымдарда Персия м-н Түркиянын күрөшүнүн объектиси болгон. 18-кылымда Гянжа хандыгынын борбору. Гөй-Имам диний комплекси (14–17-кылымдар), Жума мечити (17-кылым) ж. б. сакталган.