ГРАНОЗАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАНОЗА́Н, н и у и ф-2 п р е п а р а т ы – а. ч. өсүмдүктөрүнүн үрөнүн дарылоодо колдонулуучу фунгицид ж-а бактерицид. Таасир этүүчү заты – сымаптын орг. бирикмеси – этилмеркурхлорид (С2Н5НgСl) ак кристалл зат, сууда эрибейт. Г. – өзгөчө жыты бар майда күкүм. Курамында 1,8–2,5% этилмеркурхлорид, 96–97% тальк, 0,15% боёк зат ж-а 0,6–1,2% минерал майы бар. Г. көбүнчө кара көсөө, гельминтоспориоз ж-а фузариоз илдеттерине каршы колдонулат. Буудай, арпа, сулу, таруу, жүгөрү үрөнүнүн бир тоннасына 1–2 кг; жашылча, буурчак ж-а сояга 2–4 кг; пахта чигитине 5–6 кг кошулат.