ГҮЛСТАН ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1813)
ГҮЛСТАН ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1813) – Россия м-н Ирандын ортосунда түзүлгөн келишим. 1813-жылы 24-октябрда Карабактагы Гүлстан кыштагында кол коюлган. Бул келишим боюнча Дагстан, Грузия, Мегрелия, Имеретия, Гурия, Абхазиянын ж-а Карабак, Ганжа, Ширван, Шекин, Баку, Дервент, Куба, Талыш хандыктарынын Россиянын карамагына өтүүсүнө Иран макул болгон. Россия Каспийде аскер-деӊиз флотун түзүүгө укук алып, эки өлкөнүн соодагерлеринин эркин соода жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилген.
Ад.: Фадеев А. В. Россия и Кавказ первой трети XIX в. М., 1960.